www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маматкадыр Тиллебаев маркум Элмирбек Иманалиевди жоктоп ага арнады.

Анын ыр саптары төмөндө:

Жарк этип күйүп жылдыздай жанып,
Жалп этип кайра өчтүңбү Элмир.
Калп дүйнө сени тажатып салып,
Чын дүйнө жакка көчтүңбү Элмир.

Чынчылы болуп кыргыздын Элмир,
Чындыкка үрөн септиңби Элмир.
Чындыктын отун тутантып коюп,
Кыргызды таштап кеттиңби Элмир.

Чымындай жаның чыдабай калпка,
Чыркырап баарын сындадың Элмир.
Чыныгы акын сен болуп элге,
Чындыкты ачуу ырдадың Элмир.

Жаш төкмө акын балдардын барып,
Айланып конгон тууру элең Элмир,
Домбра менен төгүлүп ырдап,
Казактын дагы уулу элең Элмир.

Сен өлгөн жоксуң ..,ырларың дайым,
Кыр-кырда, тоодо жаңырат Элмир.
Кылымда сендей келеби жокпу,
Кыргызың сени сагынат Элмир.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости