www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда илдеттен каза болгондордун саны 8ге жетти

Бүгүн, 22-апрелде коронавирустан дагы бир жаран каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

"Бейтап Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага 5-апрелде оор абалда келип түшкөн. Ал кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткарылган. Буга чейин ал 1-апрелден 5-апрелге чейин Кемин районундагы ооруканада дарыланып жаткан. Маркумда дагы кант диабети, жогорку тобокелчиликтеги гипертоникалык илдет, жүрөк дарттары бар болчу", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

Өлкөдө каза болгондордун саны 8ге жетти.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости