www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-апрелде Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум болмок. Бирок мурдагы президент ден соолугуна байланыштуу процесс жылдырылганын анын жактоочу Сергей Слесарёв билдирген.

Ал эми УКМКнын маалымат кызматы Атамбаевдин ден соолугу канааттандырарлык жана мурунку президент отурумга катышуудан өзү баш тартты деп кабарлаган.
Ушундан улам жактоочу Замир Жоошев мурдагы өлкө башчынын ден соолугунун начарлашы тууралуу айтылып келе жаткандыгын, бирок ага карабай Алмазбек Атамбаевге тийиштүү медициналык кароо жүргүзүлбөй келгендигин айтат.

"Бул жерде айта кетүүчү маанилүү жагдай, бүгүн, 22-апрелде Алмазбек Шаршенович конвой кызматкерлери аркылуу "ден соолугума байланыштуу сотко бара албайм, бирок менин катышуумсуз сот отурумун өткөрүүгө каршы эмесмин" деген арызын берип жибериптир. Чындыгында Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу кан басымынынын төмөндөп кеткендигине байланыштуу начар абалда. УКМКнын башчылары тарабынан экс-президенттин ден соолугунун УКМКдан көз карандысыз болгон медициналык кызматкерлердин тобу дыккат карап чыгып, анан толук кандуу дарылоо жүргүзүүсүнө шарт түзүлбөй жатат", - деп жактоочу айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости