www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы бир катар социалдык-инфраструктуралык жана туристтик объекттерден кабар алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алгач төрага Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы борбордук стадиондун абалы менен таанышып, спорттук инфраструктураны өнүктүрүү жаштар саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи. Ошондой эле А.Керимкулов атындагы борбордук стадионду реконструкциялоо боюнча даярдалган эскиздик долбоор жана иш план көрсөтүлдү.

«Жаштар үчүн шарттарды түзүү мамлекеттин келечегине инвестиция салуу дегенди билдирет. Ошондуктан аймактардагы спорттук объекттерди көбөйтүү жана жаштарды сергек жашоого үндөө биздин негизги багыттарыбыздын бири», – деди Марлен Маматалиев.

Андан соң төрага Тоң районундагы белгилүү туристтик жайлардын бири болгон Жомок каньонуна барып, анын туристтик потенциалын өнүктүрүү жана экологиялык абалын сактоо маселелерине көңүл бурду. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов каньондун акырындап деградацияга учурап жатканын белгилеп, туристтердин саны көбөйүп жаткан шартта бардык негизги активдүүлүктү төмөнкү аймакка түшүрүп, ошол жерде туристтер үчүн заманбап шарттарды түзүү сунушун Төрагага берди. Ошондой эле объектти өнүктүрүү жана курулуш иштерин жүргүзүү максатында өзүн-өзү каржылай турган атайын фонд түзүү демилгеси көтөрүлдү.

Иш сапардын алкагында төрага Энелер күнүнө карата уюштурулган «Баатыр энелердин» биринчи облустук форумуна да катышты.

Форумдун алдында өткөн «Энелер дүйнө көркү» аттуу жөө жүрүшкө күбө болуп, Энелер күнүнө арналган боз үйлөр, кол өнөрчүлүк жана сүрөт көргөзмөлөрү менен таанышты.

Форумдун расмий бөлүгүндө сөз сүйлөгөн Марлен Маматалиев энелер коомдун жана мамлекеттин негизги тиреги экенин белгилеп, аялдардын коомдук-саясий турмуштагы ролу жылдан-жылга күчөп жатканына токтолду.

«Эне бир үй-бүлөнүн гана эмес, жалпы мамлекеттин куту. Энелердин мээрими, тарбиясы жана ак эмгеги аркылуу өлкөнүн келечеги калыптанат. Ошондуктан энелерди колдоо дегенди мамлекеттин келечегин колдоо деп түшүнүүбүз кажет», – деди төрага.

Ошондой эле мамлекет тарабынан энелерди жана балдарды колдоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын мисал кылып, Президент Садыр Жапаров тарабынан киргизилген «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөкпулу үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган маанилүү чечим экенин кошумчалады.

Мындан тышкары, төрага Тоң айылындагы №81 кесиптик лицейине тиешелүү 10 гектар иштетилбей турган жерди көрүп, аны максаттуу пайдалануу маселелерин тиешелүү жетекчилер менен талкуулады.

Андан кийин Бөкөнбаев айылындагы стадиондун курулушу жана келечекте этно-музей курула турган жер да каралды.

«Ысык-Көл туризмдин гана эмес, улуттук маданияттын дагы борбору. Биз тарыхый жана этномаданий мурастарыбызды сактоо менен бирге, аны дүйнөгө тааныта турган долбоорлорду колдоого тийишпиз», – деди Марлен Маматалиев.

Ошондой эле Бөкөнбаев айылындагы Ү.Рысманбетов атындагы жалпы дарыгердик практикалык борборунун саркынды сууларын тазалоочу курулмасынын абалы менен да таанышып, Туура-Суу айылында жайгашкан К.Тайлаков атындагы жана Кара-Талаа айылында орун алган Б.Алаков атындагы мектептердин абалын да көрүп чыкты.

Жолугушуунун жүрүшүндө мектептердин аймагына кошумча бала бакча куруу маселеси каралып, тиешелүү сметалык эсептөөлөрдү даярдоо чечими кабыл алынды.

Иш сапардын соңунда төрага Кара-Коо айылындагы маданият үйүндө шайлоочулар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда жергиликтүү тургундар аймактагы жол, суу, социалдык объекттер, туризм жана инфраструктура маселелерин көтөрүштү.

«Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги багыты. Эл көтөргөн ар бир маселе көңүл сыртында калбайт. Биз жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте бардык көйгөйлөрдү этап-этабы менен чечүүгө аракет кылабыз», – деди Марлен Маматалиев.

Последние новости