www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасында 2026-жылдын 17–22-май күндөрү өтө турган Тажикстан Республикасынын Маданият күндөрүнө катышуу үчүн Тажикстандын 94 адамдан турган расмий жана чыгармачыл делегациясы Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүнтөн тарта маданий иш-чаралар расмий түрдө башталып, анын алкагында концерттик программалар, сүрөт көргөзмөлөрү, илимий-адабий жолугушуулар жана көркөм тасмалардын көрсөтүлүшү уюштурулат. Ошондой эле улуттук маданиятты, көркөм өнөрдү жана эки элдин руханий баалуулуктарын даңазалаган бир катар жолугушуулар өтөт.
Маданият күндөрү эки элдин маданий алакаларын бекемдеп, достук мамилелерди дагы да тереңдетүүгө багытталган.