www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын Анталья шаарындагы Кепез районунда курулуш аянтчасын катуу торнадо каптап, төрт жумушчу каза болду. Бул тууралуу TRT Haber кабарлады.
Куюн курулуш конструкцияларына зыян келтирип, жумушчулар жашаган контейнерлерди кыйраткан. Ошондой эле кран оодарылып кеткен. Бирок Антальянын губернатору Хулуси Шахиндин айтымында, крандын астында эч ким болгон эмес. Дагы бир адам жаракат алып, абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
«Биз өзгөчө жаратылыш кубулушуна туш болдук. Шаардын башка бөлүгүндө торнадо болгондугу тууралуу эч кандай маалымат түшкөн жок», — деди губернатор.
Ал каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Курулуш аянтчасында издөө иштери уланууда.