www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыштагы Россияны жеңүү зарылчылыгы тууралуу билдирүүлөр алардын эмне кыларын билбей туталанып жатканын көрсөтүүдө. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Говорит Москва" жана "Комсомольская правда" гезитиндеги маегинде билдирген.

"Россия сегодня" медиатобунун жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симонян Батышта Россия стратегиялык жеңилүүгө учурамайынча тынчыбай турганы жөнүндө билдирүүлөр байма-бай айтылып жатканын эске салды. Айрыкча, "Россия жеңилбесе Батыштын гегемониясына чекит коюлат" деген сөздөр болгон.

"Бул теманы курчутуу жана Батыштын келечеги үчүн жеңилүүнүн чоң маанисин ар дайым баса белгилөө — алардын согуштук маанайын, эмне кыларын билбей күйпөлөктөп жатканын көрсөтүүдө. "Батыш өз таасирин жоготуп, Россия, Кытай, Иран, Түндүк Корея жана Сирия менен биргеликте жаңы дүйнөнү жаратат" деген кептер тең жана адилеттүү дүйнө тартиби түзүлүп жатканынан кабар берет", — деди Лавров.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости