www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда өлкө башчылар союздук мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимге кол коюшуп, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-чек ара жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтыгынын артыкчылыктуу маселелерин талкуулашкан.

Касым-Жомарт Токаев Казакстандын бир катар аймактарындагы суу ташкынга байланыштуу гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле казак президенти өлкөлөр ортосундагы товар айлантуу 1,5 миллиард долларга жетип, 26 пайызга өскөнүн, бул көрсөткүчтү эки миллиард долларга чейин көтөрүү керектигин баса белгиледи.

Садыр Жапаров эки тараптуу мамилелердин мүнөзү эки элдин жалпы тарыхый тагдыры менен алдын ала аныкталганын баса белгиледи.

"Кыргыз жана казак элдерин нечен кылымдардан бери достук, боордоштук, ынак коңшулук, орток маданий, руханий, диний баалуулуктар жана каада-салттар байланыштырып турат", — деди президент Садыр Жапаров.

Соңунда эки тарап тең кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтуларын тастыктаганы кошумчаланды.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров расмий сапар менен Казакстанга барган. Анын жүрүшүндө мамлекет башчылардын жолугушуусунан сырткары бир катар иш-чаралар мерчемделген. Алсак, Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин VI жыйыны, Астанада Манастын эстелигинин салтанаттуу ачылышы болот.

Будак:NazarNews.kg

Последние новости