www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаадагы "Мадина" базарындагы коомдук тамактануучу жайлар ээлеринин ыктыяры менен демонтаждалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, калаа башчысы Айбек Жунушалиев муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилерди бузуу процессин текшерген. 2-мартка чейин 186 чарчы метр муниципалдык жер бошотулуп, иштер уланып жатканы белгиленди.

"Борбор калаанын башчысы объектилерди алууну тездетүүнү тапшырды. Алардын ордуна тротуар түшүп, жол реконструкцияланат", — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Свердлов районунун акимине айланасын көрктөндүрүү, ал эми "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасына электр чубалгыларын талапка ылайык келтирүү тапшырылганы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости