www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын чыгыш тарабында жайгашкан Чжэцзян провинциясында коронавирустун вакцинасын чыгаруучу завод курулуп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Аталган завод курулуп бүткөндөн кийин 2021-жылдын март айынын башынан баштап коронавирустун вакцинасы массалык түрдө өндүрүлө баштайт. Буга чейин Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын өкүлдөрү өлкөнүн коронавируска каршы биринчи вакцинасы быйыл күздө даяр болошу мүмкүн экенин билдиришкен.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин да буга чейин Кытайдын сыноолордон өткөрүлүп жаткан коронавируска каршы вакциналары бүткүл дүйнөгө жеткиликтүү болорун убадалаган.

Эске сала кетсек, Коронавирустун вакцинасын чыгаруучу жаңы заводдун курулушу 11-июлда Чжэцзян провинциясынын Нинбо шаарында башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости