www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Түштүк-батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Бийик тоолордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 33…35 градус болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости