www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын кайгуул кызматы мыйзамсыз дары сатканга  шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 13-июлунда Бишкек шаардык ИИББинин "102" кызматына Ахунбаев менен Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде  алдап кетти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Милициянын кайгуул кызматкерлери келип маалыматты тактаганда Б.Б аттуу жаран болжол менен баасы 2000 сомдук дарыны белгисиз жаран 6000 сомго сатып, алдап кеткендигин  кабарлаган.

Көрүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында  Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе 1989-жылы туулган С.О.  аттуу жаран кармалып, Ленин райондук ИИБинин Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,   сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости