www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай менен чектешкен Монголия автоном аймагында  кемирүүчү жаныбарлардан жуккан бубон чумасынан дагы бир киши  каза болду.

Монголия автономдук аймагына караштуу Баян – Нур шаардык саламаттык сактоо комиссиясынан берилген маалыматка караганда аймакта бул жумада экинчи киши бубон чумасынан каза болду.

Маалыматта бул кишинин бейшемби күнү жогорку температура менен шаардагы бир ооруканага кайрылып, дарыланууга алынганы бирок чуманын себебинен бир топ органы иштебегендиктен каза болгону билдирилди.

Бейтап каза болгондон мурда жакын байланышта болгон 7 кишинин изоляцияга алынып, керектүү тесттердин жасалганы жана жыйынтыгынын негатив чыкканы маалымдалды.

Аймакта жуманын ичинде бубон чумасынан бир киши каза болгон.

Бубон чумасы жогорку температура, ашыкча үшүү, баш оорусу, ич өткөк жана бубо деп аталган лимфа безинин шишиши менен өзүн көрсөтүүдө.

Адамдарда өзгөчө кемирүүчү жаныбарлардагы бүргөлөрдүн чагуусу менен чуманын «бубон» түрү чыгууда. Чуманын эң билинген түрү бубон чумасы эрте аныктала турган болсо антибиотик менен дарылоого болот.

Кара өлүм деп да билинген бубон чумасы ортоңку кылымда Европада 25 миллион кишинин каза болушуна себеп болгон.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости