www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 729 миң 748, оорулардын саны 19 миллион 817 миңди түзгөн. Ал эми айыгып кеткендердин саны 12 миллион 729 миңден ашты.

Пандемиядан эң көп жапа чеккен өлкө болгон Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) каза болгондордун саны 165 миң 74 адамга жетип, өлкөдөгү инфекция жуккан адамдардын саны 5 миллион 150 миңге жетти. АКШнын президенти Дональд Трамп, Ковид-19 эпидемиясынын алкагында студенттик насыялар, жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар, эмгек акы салыгы жана ижарачыларды батирлерден кетирүүгө тыюу салуу боюнча 4 өзүнчө жарлыкка кол койду.

Латын Америкасында эпидемиянын чордону деп аталган Бразилияда вирустун айынан каза болгондордун саны 100 миң 543кө, илдетке чалдыккандардын саны 3 миллион 13 миңге чейин көбөйдү.

Мексикада акыркы 24 сааттын ичинде Ковид-19дан каза болгондордун саны 695 адамга көбөйүп 52 миң 6га жогорулады, ал эми жуктуруп алгандардын саны 6 миң 495 адамга көбөйүп жалпы 475 миң 902 адам болду.

Эпидемиядан улам 22 адам көз жумган Жаңы Зеландияда акыркы жуктурган учур аныкталган 1-майдан бери Ковид-19 (100 күн бою) жасалган тесттерде оору катталган эмес.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости