www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы туруктуу аба каттамдары жанданды. Бул тууралуу брифинг учурунда Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

"Бүгүнкү күндөн тарта Түркия менен Кыргызстандын ортосунда туруктуу каттамдарды түрктөрдүн эки, Кыргызстандын бир компаниясы аткара баштайт. Pegasus Airlines, Turkish Airlines жана Avia Traffic компаниялары аптасына эки жолудан учат", —  деди Акышев.

Ошондой эле ал Кувейт жана Өзбекстандын авиакомпанияларынан туруктуу каттамдарды ачуу боюнча сунуш түшкөнүн, учурда бул маселе Республикалык штабда каралып жатканын кошумчалады.

Буга чейин Бириккен Араб Эмирлигинин ортосундагы аба каттам кайра жанданганы айтылган эле. Алгачкы учактар 14, 21, 28-август күндөрү абага көтөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости