www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн жана алардын каржылоо булактарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун системалуу түрдө каржылоого катышкан С.К.К. аттуу ишкерди кармады.

Колдо болгон маалыматтарга ылайык, С.К.К. аттуу жаран жоюлган "мыйзамдагы ууру" К.Асанбек менен тыгыз байланышта болгон жана Ош шаарынын жана Ош облусунун калкынын арасында колдоого ээ болуу, өзүнүн таасирин күчөтүү максатында К. Асанбек менен К. Досоновду ай сайын белгилүү бир суммадагы акча которуу менен системалуу түрдө каржылап турган. Алардын колдоосу менен С.К.К. күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргыз Республикасына аткезчилик жол менен алып өтүүнүн туруктуу схемасын түзгөн.

Белгилей кетсек, К.Асанбек менен К.Досоновдун колдоосу менен С.К.К. өзүнө жакпаган адамдарга физикалык таасир этүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн "кызматтарына" кайрылган. Жүргүзүлгөн тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында, ишкер кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Учурда, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети уюшкан кылмыштуу топтордун кылмыштуу ишмердүүлүгүн каржылоо каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган бир катар ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

Последние новости