www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда тышкы соода кескин солгундап, экспорт дээрлик 40 пайызга азайды. 2025-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 12 миллиард 803,5 миллион АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,6 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Тышкы сооданын төмөндөшүнө экспорттун олуттуу кыскарышы негиз болгон. Тактап айтканда, экспорттук жеткирүүлөр 38,2 пайызга төмөндөп, 2 миллиард 409,3 миллион долларды түздү. Ал эми импорт дээрлик өзгөрүүсүз калып, болгону 0,3 пайызга азайып, 10 миллиард 394,2 миллион доллар болду.
Кыргызстан мурдагыдай эле импортко көз каранды өлкө бойдон калууда. Тыштан ташылып келген товарлар жалпы товар жүгүртүүнүн 81,2 пайызын түзөт.

Последние новости