www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп Британиянын мамлекеттик телерадиокомпаниясы BBCге каршы сотко доо арыз менен кайрылды. Ал 2021-жылдын 6-январындагы сөзүнүн монтаждалышы анын аброюна доо кетирди деп эсептейт. Иш Майами шаарындагы федералдык сотко тапшырылды. Бул тууралуу reuters басылмасы жазып чыкты.
Трамптын айтымында, BBCнин «Панорама» аттуу даректүү программасында анын сөзү бурмаланып берилип, ал тарапташтарын АКШ Конгрессинин имараты – Капитолийди штурмдоого чакыргандай таасир калтырган. Программада «акырына чейин күрөшүү» жана Капитолийге марш жасоо тууралуу сөздөр көрсөтүлүп, бирок тынчтыкка чакырган бөлүгү кесилип калган.
BBC Трамптан кечирим сурап, монтаж туура эмес таасир калтырганын моюнга алган. Ошол эле учурда телекомпания сотко доо коюуга укуктук негиз жок экенин билдирген.
Трамп кечирим жетишсиз экенин айтып, BBC келечекте мындай журналисттик кемчиликтерди болтурбоо үчүн олуттуу чара көрүү керек деп сындады.
Адвокаттардын айтымында, Трамп Улуу Британияда жалаа жабуу боюнча доо арыздардын эскирүү мөөнөтү бүткөндүктөн, АКШда доо арыз менен кайрылган.
Сотто жеңишке жетүү үчүн ал BBC атайылап же жоопкерчиликсиз аракет кылганын далилдеши керек. Трамп эки айыптын ар бири боюнча 5 миллиард доллардан, жалпысынан 10 миллиард долларга чейин зыян келтирүүнү талап кылууда.
Даректүү тасманын айланасындагы чуулгандуу окуя BBCнин 103 жылдык тарыхындагы эң ири кризистердин бири болуп, эки жогорку жетекчинин кызматтан кетишине алып келди. Телекомпания документалдык тасманы мындан ары көрсөтпөй турганын билдирди.