www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 11 айында Украинада туткунга алынган Борбор Азиядан чыккан жарандардын саны соңку үч жылга салыштырмалуу эки эсе көбөйдү. Бул тууралуу Free Eurasia.com басылмасына украиналык «Хочу жить» долбоорунун өкүлү Виталий Матвиенко билдирди.
Анын айтымында, учурда Украинада 100дөн ашуун борбор азиялык жаран согуш туткуну макамында кармалууда. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда эмгек мигранты болуп жүргөн жеринен согушка тартылган. Алардын арасында кыргыз, казак, тажик жана өзбек жарандары бар.
Укук коргоочулардын маалыматына караганда, мигранттар Орусияда майда мыйзам бузуу шылтоосу менен кармалып, депортация же камак коркунучу алдында согушка мажбурланган учурлар көп. Украин тарап бардык туткундар Женева конвенциясынын талаптарына ылайык кармалып жатканын билдирип, аларга Кызыл Чырым, укук коргоочулар жана дипломаттар үзгүлтүксүз кабар алып турарын белгиледи.
Белгилей кетсек, Борбор Азия өлкөлөрүндө чет мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарга катышуу кылмыш катары каралат. Бирок Украинадагы согушка тартылган жарандарды экстрадициялоо боюнча расмий талаптар азырынча катталган эмес.
Ал эми ноябрь айында «Хочу жить» долбоору Орусиянын куралдуу күчтөрүнө Борбор Азиядан 7,5 миңден ашуун адам тартылганын, алардын 1,5 миңге жакыны согушта каза болгонун маалымдаган.