www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын агроөнөр жай тармагындагы ири компанияларынын жетекчилери менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында «Кыргыз Агрохолдинг» ААК менен Кытай электр инженерия улуттук компаниясынын (CNEEC) ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документке ылайык, Кыргызстанда жылына 600 миң тоннага чейин карбамид өндүрө турган минералдык жер семирткичтерди чыгаруу заводу курулат.

Долбоор өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жана дыйкандарды сапаттуу жер семирткичтер менен камсыздоого багытталган.

Ошондой эле «Кыргыз Агрохолдинг» ААК менен кытайлык «Шицзячжуан Шайнеон» биотехнологиялык компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандум түзүлдү.

Ага ылайык, Кыргызстанда эл аралык GMP стандарттарына жооп берген ветеринардык вакциналарды чыгаруучу завод куруу пландалууда. Ишкана жылына 25–30 млн доза вакцина өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Эрлист Акунбеков белгилегендей, бул долбоорлор агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга, заманбап технологияларды киргизүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Министр долбоорлор кыска мөөнөттө сапаттуу ишке ашырыларына ишеним билдирди.

Последние новости