www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшү Ирандын соккуларынын багыты эл аралык алкакта бүдөмүк көз карашка жем таштады. Дегенибиз, Тегеран айрым чакан монархияларга — Иордания, Кувейт жана Бахрейнге каршы аракет кылып, ошол эле учурда Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Эмираттары жана Израиль сыяктуу негизги атаандаштарына түз сокку урбаган тандалма мамилеси талкууга алынды.

Саясий талдоочулардын баамында, бул Ирандын тобокелдикти азайтууга багытталган тактикалык кадамы. Тегеран душмандарын ар башка категорияга бөлүп, кимге басым жасоо керектигин эсептейт.

Сауд Аравиясы менен БАЭге каршы түз аракеттер Иран үчүн чоң кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Бул өлкөлөр менен акыркы жылдары мамилени жумшартуу аракеттери болгон жана алар Иранга каршы кеңири коалиция түзүлүшүнө жол бербөө үчүн маанилүү роль ойнойт.

Израилге түздөн-түз чоң сокку берүү болсо АКШнын катышуусун күчөтүп, Иран үчүн олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн. Ошондуктан Тегеран көбүнчө түз согуштан качып, аймактагы өнөктөш күчтөрү аркылуу таасир жүргүзүүнү артык көрөт.

Ал эми Иордания, Бахрейн жана Кувейт Иран үчүн АКШ жана Израиль менен байланышкан стратегиялык маанилүү өлкөлөр катары каралат. Иорданиянын Израилди коргоодогу ролу, Бахрейнде АКШнын Бешинчи флотунун жайгашуусу жана Кувейттин америкалык аскердик инфраструктура үчүн колдонулушу аларды басым көрсөтүүчү буталарга айлантат.

Жыйынтыгында, Ирандын мындай саясаты — күчүн көрсөтүү менен бирге чоң жаңжалга алып келе турган кадамдардан качууга багытталган геосаясий эсеп. Тегеран бир жагынан союздаштарын эскертсе, экинчи жагынан аймактагы ири оюнчулар менен түз кагылышуудан алыс болууга аракет кылууда.

Последние новости