www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баш прокурор Максат Асаналиев 8-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Кыргызстанда 30 штаттык бирдиктен турган Жаратылышты коргоо прокуратурасы кайра түзүлө турганын айтты.
Ал төрт багытта: “Жер казынасын пайдалануу, суу жана суу ресурстарын пайдалануунун мыйзамдуулугу. Мөңгүлөргө геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензия берүүнүн мыйзамдуулугу. Калдык сактоочу жайлардын абалын көзөмөлдөө. Жаратылыш жана өзгөчө корголуучу аймактардын мыйзамдуулугу”, - боюнча иш алып барат деди баш прокурор.
Мунун алдында эл өкүлү Гуля Кожокулова жаратылышты коргоо багытында президент көңүл буруп, активисттер эле бул маселени көтөрүп жатышканын, Экология министрлиги байкоо салуу менен гана алектенерин айтып чыккан.