www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламент бүгүнкү жыйында Башкы прокурор Максат Асаналиевдин Башкы прокуратуранын 2025-жыл үчүн берген жылдык отчеттун угуп, талкуулап кабыл алышты.
Талкууда депутаттар ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча прокурордук көзөмөлдү күчөтүүгө чакырышты.
Тактап айтканда, Гуля Кожокулова атайын комиссия түзүүнү сунуштады.
- Башкы прокурор алардын дарегине жеке менчикти мыйзамсыз тартып алуу боюнча 300дөн ашык кайрылуу түшкөнүн белгиледи. Мен өзүм да “Жалын” лагери, “Аврора грин” сыяктуу тартып алуу фактыларын айткам. Тартып алуулар кылмыш иши козголбостон, тергөөчүлөрдүн токтому жана сот чечими жок жүргүзүлгөн. ЖКнын токтомуна комиссия түзүү маселесин киргизүү керек, - деп кошумчалады ал.
Депутаттар ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүгө чакырышты.