www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлиги тарабынан жапырт башаламандыкка айыпталып кармалган саясатчылардын арасында саясат талдоочу Бакытбек Жумагулов дагы бар экени маалым болду.
Биринчи Май райондук соту 6-апрель күнү анын да бөгөт чарасын карап, 10-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта кармоо боюнча чечим чыгарган.
Бакытбек Жумагуловдун аты президенттик шайлоо өткөрүү боюнча 75 адам кол койгон кайрылууда жок. Ал кандай жагдайда бул иш боюнча шектелип жатканы, качан кармалганы тууралуу буга чейин коомчулукка маалымат берилген эмес.
Белгилей кетсек, ИИМ 11-февралда коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмү (Массалык башаламандыктар) менен кылмыш иши козголгон.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) 75 адамдын кайрылуусуна байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгонгон. Кийин ал “Бийликти күч менен басып алуу” беренесине өзгөртүлгөнү белгилүү болду.