www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда пиротехникалык буюмдарды сатуу жана колдонуу боюнча жаңы эрежелер бекитилди.
Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жаңы талаптарга ылайык, пиротехника мындан ары адистештирилген дүкөндөр аркылуу гана сатылат.
Ошондой эле пиротехниканы колдонууга убакыт боюнча чектөө киргизилди:
иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө чейин пиротехника атууга жана ызы-чууга тыюу салынат;
дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин колдонууга болбойт.
Токтом өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана коопсуздук талаптарын күчөтүү максатында кабыл алынган.
Документ расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.