www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиянын аскердик дрондорунда Кытайда өндүрүлгөн компоненттер колдонулганы жана аппараттар техникалык маалыматтарды Кытайдагы IP-дарекке жөнөткөнү аныкталды.

Telegraph басылмасынын маалыматына караганда, дрондорду британиялык Kraken Technology Group компаниясы камсыздаган. Камера системалары аппараттын интернетке туташкандыгы жана иштөө абалы тууралуу маалыматтарды сырттагы серверге жөнөткөн.

Окуя аныкталгандан кийин Британиянын Коргоо министрлиги дрондорду интернеттен ажыраткан.
Маалыматка ылайык, британ флоту бул жабдууларды 2026-жылдын март айынан бери колдонуп келген. Дрондор Ормуз кысыгындагы кемелердин коопсуз өтүүсүнө багытталган британдык коргонуу пакетине да кирген.

Ал эми Кытайдын Британиядагы элчилиги буга чейин Пекинди каралоо максатында шпионаж тууралуу маалыматтар таратылып жатканын билдирген.

Последние новости