www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте 11-августта эртең менен коомдук транспорттун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсык болжол менен саат 09:00дө Фучик көчөсүндө болгонун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, №153 автобусы Фучик көчөсү менен түндүктөн түштүккө бара жаткан учурда жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн жолду батыштан чыгышты көздөй кесип өтүп бара жаткан эки өспүрүмдү сүзүп кеткен.
Жабыркаган өспүрүмдөр тез жардам унаасы менен Бишкектеги №3 балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер алардын денесинен олуттуу жаракаттарды аныктаган эмес.
Учурда жол кырсыгынын себептери жана бардык жагдайлары такталууда. Кошумча маалымат териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча берилет.