www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинети маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо боюнча жаңы жобону бекитти.
Жаңы чечимге ылайык, өлкөдө маалыматты коргоо каражаттарын текшерип, баалай турган бирдиктүү система түзүлөт. Бул иштерди координациялай турган атайын мекемелер аралык комиссия да иш алып барат.
Документте мамлекеттик сыноо лабораториясын түзүү, коопсуздукту текшерүүнүн заманбап ыкмаларын киргизүү жана бардык процесстерди санарип форматка өткөрүү каралган. Ошондой эле маалыматтык коопсуздук тармагында адистерди даярдоого көңүл бурулат.
Өзгөчө көңүл мамлекеттик системаларды, жеке маалыматтарды, банктык жана төлөм инфраструктурасын, ошондой эле байланыш тармактарын коргоого бөлүнөт.
Мындан тышкары, жергиликтүү IT-иштеп чыгуучуларды колдоо жана маанилүү тармактарда чет өлкөлүк технологияларга көз карандылыкты азайтуу максаты коюлган.
Жаңы тартип 15 күндөн кийин күчүнө кирет.