www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда сейил бак менен суу жээгиндеги аймактарда, жайыттарда жана өзгөчө корголуучу жерлерде мотоциклдердин, квадроциклдердин жана башка мототранспорт каражаттарынын жүрүүсүнө тыюу салынды. Токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ экосистеманы сактоого, жаратылыш ландшафттарынын деградацияга жана бузулушуна жол бербөөгө багытталган.

Токтом менен мототранспорт каражаттарынын кирүүсүнө жана жүрүүсүнө төмөнкү аймактарда чектөөлөр киргизилди:

  • өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары;
  • сейил бак менен суу жээгиндеги аймактардын чеги;
  • жайыттар.

Төмөнкү учурларда чектөөлөр колдонулбайт:

  • өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жайгашкан автомобиль жолдорунун тилкелеринде;
  • био­сфера­лык аймак­тар­дын транзит­тик жана санитар­дык зона­ла­рында;
  • мамлекеттик жана муниципалдык органдар кызматтык милдеттеринин алкагында пайдаланган мототранспорт каражаттары;
  • Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин макулдугу менен мамлекеттик илимий-изилдөө жана маданий-массалык иш-чаралар үчүн колдонулган мототранспорт;
  • жергиликтүү калк тарабынан чарбалык максаттарда, узакка созулган жүктөмдө эң көп 4 кВт кубаттуулукка чейинки электр мототранспорт каражаттары.

Жаратылыш ресурстары министрлигине туристтик операторлорду киргизилген чектөөлөр жөнүндө маалымдоого жана алардын аткарылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылууга тапшырма берилди.

Последние новости