www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук статистика комитети 2025-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстанда керектөөчү товарларга болгон баалар өткөн жылга салыштырмалуу 8,3 пайызга өсүп, инфляция 7,1 пайызды түзгөн билдирди. 

Баалардын өсүшү негизинен кызмат көрсөтүүлөрдүн, азык-түлүк жана алкоголдук продукциялардын кымбатташы менен байланыштуу. Айрыкча калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери 9,1 пайызга, азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар 8,9 пайызга, алкоголь жана тамеки продукциялары 7,9 пайызга кымбаттады. Ал эми азык-түлүк эмес товарлардын баасы 7 пайызга өстү.

Эң көп азык-түлүк кымбаттаган. Алсак, 2025-жылдын башынан бери мөмө-жемиштин баасынын өсүшү 42 пайызга жеткен. Ошондой эле балык (19,4 пайыз), өсүмдүк майлары (17,4 пайыз) жана эт (15,2 пайыз) болуп олуттуу кымбаттаган. Анын ичинде жылкы эти (20 пайыз), кой эти (18,8 пайыз) жана уй эти (14,8 пайыз) өскөн. Мындан тышкары, бал, жашылчалар (9,4 пайыз), картошка (8 пайыз), сары май (7,3 пайыз), сүт азыктары (6,4 пайыз), алкоголсуз суусундуктар (5,4 пайыз), ун (4,8 пайыз) жана нан (4,6 пайыз) да кымбаттады.

Баалардын өсүшү калктын күнүмдүк керектөөсүнө түздөн-түз таасир этүүдө. Эксперттер инфляциялык басым жыл аягына чейин сакталышы мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Последние новости