www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдарда жаңы жылдык корпоративдик иш-чараларга жана жетекчилерге кызматкерлер тарабынан кымбат баалуу белек берүүгө чектөө киргизилгенин билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки жылдары айрым министрликтерде жана мекемелерде жаңы жылдык корпоративдер ашыкча чыгымдар менен коштолуп келген. Мындан тышкары, кызматкерлерди жетекчилерге белек алуу үчүн мажбурлап акча чогулткан учурлар да катталган.

- Ушул жагдайларды эске алуу менен быйыл мамлекеттик органдарда жаңы жылдык корпоративдерди өткөрүүгө жана жетекчилерге кызматкерлерден баалуу белек алууга тыюу салдык, - деди Адылбек Касымалиев.

Ошол эле учурда Министрлер кабинетинин төрагасы бул чечим айрым жетекчилер тарабынан туура эмес түшүндүрүлүп, балдар үчүн уюштурулган жаңы жылдык майрамдарга да тыюу салынган учурлар бар экенин белгиледи.

- Чектөөлөр кызматкерлер үчүн уюштурулган корпоративдерге гана тиешелүү. Балдар майрамдарын тыюуга болбойт. Жаңы жыл – балдар үчүн өзгөчө майрам. Аларды бул кубанычтан ажыратпоо керек, — деп баса белгиледи Өкмөт башчы.

Ал жер-жерлердеги жетекчилерди чектөөлөрдү формалдуу эмес, акылга сыярлык жана так колдонууга чакырды.

Последние новости