www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Антарктиканын аппак муз талааларынын ортосунда асман тиреген, так пирамиданы элестеткен тоо чокусу дүйнө коомчулугунун кызыгуусун арттырууда. Анын формасы ушунчалык так жана симметриялуу болгондуктан, көпчүлүк бул табигый көрүнүшпү же байыркы цивилизациянын изиби деген суроону коюшууда.

Бул чоку 2016-жылы Элсворт тоо кыркасында тартылган спутниктик сүрөттөрдөн кийин кеңири талкууга алынган. Бийиктиги болжол менен 1 265 метр, ал эми негизинин аянты 2 чарчы чакырымга жакын. Кар, муз жана таштан башка эч кандай курулуш издери байкалбайт. Геологдор бул түзүлүштү нуна́так деп түшүндүрүшөт. Бул муз каптаган аймактан чыгып турган тоо тектери дегенди билдирет. Узак миллиондогон жылдар бою муз катмарлары тоонун ар кайсы тарабын бирдей жеп, натыйжада пирамиданы элестеткен симметриялуу форма жаралган. Мындай көрүнүш илимде “мөңгү мүйүзү” деп аталат.

Адистердин айтымында, аймактагы тектердин курамы бир тектүү болгондуктан, үч тарабы дээрлик бирдей эскирген. Төртүнчү тарабынын бир аз айырмаланып турушу жергиликтүү климаттык шарттар менен түшүндүрүлөт. Ушундай эле формадагы тоолор Швейцариядагы Маттерхорн же Перудагы Алпамайо сыяктуу белгилүү чокуларда да кездешет.
Интернет мейкиндигинде бул чоку тууралуу “жоголгон цивилизация”, “инопланеталыктардын курулушу” же “Атлантиданын калдыгы” деген божомолдор кеңири тараган. Бирок окумуштуулар мындай теорияларды илимий далилдердин жоктугу менен четке кагышат. Себеби жер астынан эч кандай курулуш материалдары, куралдар же адам колунан жасалган белгилер табылган эмес.

Ырасында, Антарктикадагы пирамида бул сырдуу эмес, жаратылыштын күчүнөн жаралган геологиялык керемет. Ал бизге табияттын күчүн, терең сырларын жана кереметтүү формаларын эстеп турат. Анын формасы адамды таң калтырган табияттын узак убакытка созулган мыйзам ченемдүү процесстеринин жыйынтыгы. Бул чоку адам колунан чыккан эмес. Бирок көрүнүшү ушунчалык таң каларлык, ал эч кимди кайдыгер калтырбайт.