www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы, Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий документтеринин Борбордук мамлекеттик архиви жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивинде жүргүзүлүп жаткан реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө объектилерде ички жана тышкы оңдоо иштери активдүү жүрүп, инженердик тармактар жаңыланып, фасадды калыбына келтирүү жана имараттарды жылуулоо иштери жүргүзүлүүдө.
Министр капиталдык оңдоо жана имараттарды модернизациялоо иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Белгилей кетсек, аталган объектилер өз тарыхында биринчи жолу мындай масштабдагы реконструкциядан өтүп, заманбап талаптарга ылайык жаңыланууда. Курулуш иштери министрлик тарабынан ишке ашырылууда.