www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда жеке ветеринардык дарыгерлерди «Мал аман» мамлекеттик ишканасын түзүүнүн алкагында мамлекеттик кызматка алуу пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Жеке мал доктурларды мамлекеттин балансына өткөрүү тууралуу буга чейин президент Садыр Жапаров Нарын облусунун тургундары менен жолугушууда айткан.
Мекеменин маалыматы боюнча, биринчи этапта жаңы мамлекеттик ишканага 1,5 миңге жакын жеке мал доктур кабыл алынат. Алар мамлекеттик тапшырмаларды аткарышат, анын ичинде жаныбарларды эмдөөдөн өткөрүү, кан алуу жана тиешелүү ветеринардык иш-чараларды жүзөгө ашыруу милдети жүктөлөт.
Мамлекеттик тапшырмаларды сапаттуу жана өз убагында аткарган мал доктурларга айлык акы төлөнөт. Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, алардын маянасы 30–40 миң сомдун тегерегинде болот. Ошондой эле иштин жыйынтыгына жараша бонустар каралган, аны менен бирге адистердин жалпы кирешеси 100 миң сомго чейин жетиши мүмкүн.
Мындан тышкары, мал доктурлар жаныбарларды дарылоо, операция жасоо жана башка ветеринардык кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн жарандардан акы ала алышат.
Мекеме «Мал аман» ишканасын түзүү боюнча токтом долбоору азыркы учурда тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылып жатканын кошумчалады. Ишкананы 2027-жылдын башынан тарта толук кандуу ишке киргизүү пландалууда.