www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунда 30-сентябрдан 3-октябрга чейин «Арсенал» аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Аны Ош облустук ички иштер башкармалыгынын түзүмдөрү жүргүздү.
Иш-чаранын алкагында каттоодо турган курал-жарактардын сакталышы, аларды алып жүрүүгө уруксат берүүчү документтер жана куралдарды сактоо шарттары текшерилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында ок атуучу куралдарды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузган төрт жаран аныкталды. Аларга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, жалпы 12 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, банктардын биринде күзөт кызматын көрсөткөн агенттиктин кызматкеринде газ куралына тиешелүү документтер жок экени аныкталып, тиешелүү акт түзүлдү.
Ош ОИИБ мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды өз ыктыяры менен ички иштер органдарына тапшырган учурда, мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликтен бошотулуу мүмкүнчүлүгү каралганын эскертет.