www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Ислам өнүктүрүү банкынын (ИБР) тобунун Аймактык хабынын жетекчиси Хаммад Хундал менен жолугушту.

Жолугушууда энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тараптар ИБР тобунун Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилешти. Анын ичинде CASA-1000 эл аралык долбоору, «Тамга–Каракол» 220 кВ аба электр берүү линиясын куруу жана башка долбоорлор бар.

Ошондой эле гидроэлектр станцияларын, көмөкчордондорду жана электр берүү линияларын куруу, иштеп жаткан энергетикалык объектилерди модернизациялоо, заманбап технологияларды жана санариптик чечимдерди киргизүү боюнча кызматташуу багыттары каралды.

Алтынбек Рысбеков энергетика тармагында жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды куруу, электр тармактарын өнүктүрүү жана иштеп жаткан объектилерди жаңылоо маанилүү экенин белгиледи.

Өз кезегинде Хаммад Хундал ИБР тобу Кыргызстан менен кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана биргелешкен энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өлкөнүн энергетикалык системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган долбоорлор боюнча биргелешкен ишти улантуу боюнча макулдашуу болду.

Последние новости