www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы 14 кабаттуу турак үйдүн курулушунда долбоордук талаптардын сакталбагандыгы аныкталды.
Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери тарабынан борбор калаадагы курулуш объектилерине жүргүзүлгөн көзөмөлдүн алкагында Севастопольская көчөсү, 7 дарегиндеги турак үй текшерилген.
Текшерүү учурунда имараттын 1-блогунун 7-кабатында плитадан чыгып турган арматуранын коргоочу катмарынын өлчөмү долбоордук талаптарга жооп бербегени аныкталган.
Мындай кемчилик конструкциянын бекемдигине жана ишенимдүүлүгүнө таасир этип, имараттын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.
Аталган факты боюнча «Инком системс» ЖЧКсына акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча көрсөтмө берилди.