www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемин шаарындагы дүкөндөрдүн, банктардын жана башка коомдук объектилердин сырткы көрүнүшүн бирдиктүү талапка келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Курулуш министрлигине караштуу Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан объектилердин сырткы көрүнүшүнө карата эскиздик долбоорлор иштелип чыгууда.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Долбоорлордо имараттардын фасаддарынын түсү, архитектуралык чечимдери жана көрнөк-жарнактарды жайгаштыруу талаптары бирдиктүү дизайн-кодго ылайыкташтырылат.

Иш-чаранын негизги максаты — Кемин шаарынын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана архитектуралык бирдиктүүлүктү камсыз кылуу.

Учурда архитекторлор шаарды бирдиктүү дизайн-кодго өткөрүү үчүн тиешелүү документтерди даярдоо иштерин улантууда.

Последние новости