www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев ар кыл тармакта үзүрлүү эмгектенип келген адистерге парламенттин сыйлыктарын тапшырды.

Сыйлык тапшыруу аземинде Төрага өлкөнүн өнүгүүсү ар бир жарандын эмгегине байланыштуу экенин белгиледи.

«Кыргызстандын башкы байлыгы – эл. Ошондуктан элибиздин бакубат жашоосу үчүн кам көрүп, өлкөбүздүн келечеги үчүн талыкпай иш алып баруубуз кажет», – деди Марлен Маматалиев.

Ошондой эле ал мамлекетте жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоо жана ар бир адистин өз тармагында ийгилик жаратуусу өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болорун белгиледи.

Жогорку Кеңештин сыйлыктары билим берүү, саламаттык сактоо, спорт, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, маданият жана коомдук ишмердүүлүк тармактарында эмгектенген өкүлдөргө берилди.

Алардын арасында жаш муундарга билим жана тарбия берип келген мугалимдер, адам өмүрүн сактоону кесиптик милдети катары аркалаган дарыгерлер, эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргогон спортчулар жана машыктыруучулар, ошондой эле ар кыл тармакта үзүрлүү эмгектенген алдыңкы адистер бар.

Сыйлыктар алардын кесиптик эмгегин жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын белгилөө максатында тапшырылды.

Последние новости