www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын Словакияга болгон иш сапарынын алкагында Братислава шаарында Словакиянын билим берүү, изилдөө, өнүктүрүү жана жаштар министри Томаш Друкер менен жолугушуу өттү.
Жолугушууда Кыргызстандын мектептик билим берүүнү 12 жылдык моделге өткөрүү реформасы, билим берүүнү санариптештирүү, мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү, мугалимдердин айлыгын жогорулатуу жана билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле STEM-билимге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана техникалык-кесиптик билим берүүнү эмгек рыногунун талаптарына ылайык өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын Агартуу министрлиги менен Словакиянын Билим берүү, изилдөө, өнүктүрүү жана жаштар министрлиги билим берүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.
Документ эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы мындан аркы кызматташтыгына негиз түзөт.