www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Хайнань провинциясынын Хайкоу шаарында Бишкек менен Саньянын ортосунда түз авиакаттам ачуу маселеси боюнча жумушчу жолугушуу өттү.

Сүйлөшүүлөргө Кыргызстандан «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын коммерциялык директору Аман Мамаев, Кытай тараптан Хайнань провинциясынын ККП комитетинин катчысы Фэнь Фэй баштаган делегация катышты.

Жолугушууда 2026/2027-жылдардын кыш мезгилинде Санья–Бишкек–Санья түз авиакаттамын ишке киргизүү маселеси талкууланды.

Белгиленгендей, бул демилге Бишкекте өткөн ШКУ саммитинин алкагында президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин транспорт жана туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жетишкен макулдашууларынын практикалык уландысы болуп саналат.

Санья — Хайнань аралынын түштүгүндө жайгашкан, тропикалык климаты жана пляждары менен белгилүү Кытайдын ири туристтик борборлорунун бири.

Последние новости