www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Бектен Бекболотов Кытайдын Айыл чарба машиналарын куруу ассоциациясынын аткаруучу төрагасы Лю Хуаньли баштаган делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.
Кытайдын Айыл чарба машиналарын куруу ассоциациясы — айыл чарба техникасы жана айыл чарбасын механизациялоо тармагында иш алып барган ишканаларды, илимий жана билим берүү мекемелерин, изилдөө борборлорун жана башка уюмдарды бириктирген Кытайдагы негизги кесиптик тармактык уюмдардын бири болуп саналат.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарба техникасы боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык көргөзмөгө кыргыз тараптын катышуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле ушундай эле көргөзмөлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүү перспективаларын талкуулашты. Кытай тарап мындан тышкары Кыргызстанда Борбор Азия өлкөлөрү үчүн айыл чарба техникасынын көргөзмөлөрүн өткөрүүчү регионалдык борбор түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Ошондой эле кытай тарап Кыргызстанда айыл чарба техникасын чогултуучу завод курууга кызыкдар экенин билдирди.