www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖККУнун чек арасына жакын аймактарда абалдын чыңалып жатканы тынчсыздантып жатканын уюмдун башкы катчысы Таалатбек Масадыков “Союзники. ОДКБ” басылмасындагы маегинде айтты.

- 30 жылдан ашык убакыт ичинде биз бир катар кризистерди алдын алууга же алардын кесепеттерин жумшартууга жетиштик. Албетте, мындан ары да алдын алуучу, дипломатиялык ыкмаларга артыкчылык беребиз, - деген ал.

Масадыков уюм аймактык коопсуздукту камсыздоодо жана коркунучтарга биргелешип жооп кайтарууда маанилүү роль ойной турганын кошумчалады.

Ал дал ушундай татаал геосаясий шартта ЖККУ негизги аскердик-саясий түзүм катары ролун чыңдоону улантып жатканын белгиледи.

Последние новости