www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов менен дарыгер-нарколог, профессор Жеңишбек Назаралиевдин катышуусунда жумушчу жолугушуу өтүп, анда баңгизатка көз каранды адамдарды реабилитациялоонун мамлекеттик системасын өнүктүрүү боюнча чаралар талкууланды.
Министр акыркы мезгилде синтетикалык баңгизаттардын, айрыкча жаштар арасында кеңири жайылышы өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жарата баштаганын белгиледи. Ушуга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги алдын алуу жана реабилитациялык иштерди күчөтүүнү, анын ичинде Ички иштер министрлиги жана Агартуу министрлиги менен өз ара аракеттенүү аркылуу жалпы билим берүүчү мектептерде жана жогорку окуу жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү көздөөдө.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Аламүдүн районунун Дачное айылында жайгашкан инсульттан кийинки бейтаптарды реабилитациялоо борборунун базасында баңгизатка көз каранды адамдар үчүн мамлекеттик реабилитациялык борбор ачып, 80 орундуу керебет фондун уюштурууну пландаштырууда. Мында инсульттан кийинки бейтаптар медициналык көрсөткүчтөр боюнча Воронцовка айылындагы Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо боюнча илимий-изилдөө институтунда реабилитациядан өтүшөт.
Министр мыйзамсыз иш алып барган реабилитациялык борборлордун ишине жол берилбестигин белгилеп, жардам көрсөтүүнүн ачык жана көзөмөлдөнгөн мамлекеттик системасын түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ушул тобокелдиктерди эске алуу менен кийинки беш жылга арналган мамлекеттик баңгизатка каршы программанын иш-чаралар планы иштелип чыгууда.
Профессор Жеңишбек Назаралиев реабилитациялык борбордун ишмердүүлүгүн методикалык жактан коштоп берүүгө, ошондой эле реабилитация жана калыбына келтирүүчү дарылоо жаатында практикалык тажрыйбасы бар адистерди тартууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.