www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташиев тойлордун убактысы боюнча катуу эскертти

Өлкөнүн бардык аймагында саат 22:00дөн кийин кафе-ресторандар, түнкү клубдар, оюн-зоок жайлары ишин токтотушу керек. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Регион" телеканалы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, өкмөт тынчтыкты сактоо токтомун кабыл алганы менен көп жерлерде бул тартип сакталбай жатат. Ал жакында эле кесиптеши менен туугандарынын тоюна барганын, эки иш-чара тең түнкү 12ге чейин уланып, аларга эч ким чара көрбөгөнүн белгиледи.

"Шаардын мэрлери, райондун акимдери, облустун губернаторлору, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү карап, мыйзамды аткартышы керек эле. Саат 22:00дөн кийин бардык тойлор, оюн-зооктор токтоп, түнкү клуб, кафе-ресторандар жабылышы керек. Кимдир бирөө тартипке баш ийбесе, жарыгын өчүрүп койгула", — деди Ташиев.

Ал ошондой эле түнкү саат 10дон кийин иштеп жаткан көңүл ачуучу жайларды көрбөй калган мэр болсо, билбей калган аким болсо же байкабай калган губернатор болсо жоопко тартыларын эскертти.

Последние новости