www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан дүйнөдөгү белгилүү театр форумдарынын бири болгон Авиньон дүйнөлүк театр фестивалына алгач ирет катышат.
2026-жылдын 13–25-июль күндөрү Франциянын Авиньон шаарында өтө турган фестивалда «УЧУР» мамлекеттик жаштар театры кыргыз элинин руханий мурасын чагылдырган «Бугу Эне» спектакль-легендасын тартуулайт.
Бул чыгарма улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинде кеңири таанылган байыркы кыргыз уламышынын негизинде коюлган философиялык сахналык чыгарма болуп саналат.
Спектаклде кыргыз элинин көчмөн маданияты, жаратылыш менен байланышы жана улуттук дүйнө таанымы көркөм баяндалат. Ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо, табиятка аяр мамиле кылуу жана адам менен жаратылыштын гармониясы негизги идея катары көрсөтүлөт.
Маданият тармагындагы адистердин айтымында, Кыргызстандын Авиньон фестивалына катышуусу улуттук театр өнөрүн эл аралык деңгээлде таанытууга, чыгармачылык байланыштарды кеңейтүүгө жана маданий кызматташтыкты чыңдоого мүмкүнчүлүк берет.
Спектаклдин инсценировкасынын автору — Бактыгүл Асанова, режиссёру — Адыл Болорбек уулу.