www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган НАТОнун саммитинен кийинки маалымат жыйынында, август айынан тартып түрк аба күчтөрүнүн F-16 истребителдери Эстонияда жайгаштырыла турганын билдирди.

Эрдоган Түркия НАТО алдындагы бардык милдеттенмелерин ар дайым тийиштүү деңгээлде аткарып келгенин жана альянстын жаңы этабында дагы чоң жоопкерчиликти өзүнө алууга даяр экенин белгиледи.

- Биз ар дайым НАТО алдындагы милдеттенмелерин так аткарган, зарыл учурда жоопкерчиликти өзүнө алып, анын баасын төлөгөн ишенимдүү союздаш болуп келдик. Альянс жамааттык коргонууну кайрадан негизги артыкчылык катары белгилеген бул жаңы мезгилде, жоопкерчиликти адилеттүү бөлүштүрүүнүн алкагында дагы чоң милдеттерди аткарууга даярбыз. Август айынан тартып биздин F-16 истребителдери НАТОнун аба мейкиндигин кайтаруу миссиясынын алкагында Эстонияда жайгаштырылат, - деди Эрдоган.

Последние новости