www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баары менен дос болуп, маалыматтык чөйрөдөгү болуп жаткан айрым алешемдиктерди «алеки саатта жайгарабыз, стереотиптерди талкалайбыз» деп убада бербейм. Мындай пикирин президенттин кеңешчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн баракчасына жазды.
«Мамлекеттик кызматка буга чейин аралашып жүрсөм да, азыркы мага жүктөлгөн милдеттин өзгөчө экенин жон терим менен сезип турам. Журналистика (эркин) жана мамлекеттик кызмат (өтө көп милдет, жоопкерчилик менен тушалган) эки башка чөйрө. Экөөнүн ортосундагы боштукту болтурбоо мына ушул мен келген Мамлекеттик маалымат кызматынан көз каранды. А бул ишти жөндөп кетүү үчүн эмне керек? деп буга чейин мен сырттан караган адис катары талдачумун. Эми мына мени өзүм сыначу, мамлекет сыначу, кесиптештерим сыначу мезгил келди.
Журналист, кийинки замандын шарапаты менен блогер катары чыгармачылыкта алектенип, эркин жүрдүм. Ооба, тигил же бул саясий топ же саясатчы менен кызматташып келгем. Бирок, ким менен кызматташпайын, ал менин жеке тандоом болуп келген.
Ал эми азыр ушул кызматка келгенден кийин менде тандоо эмес, милдет болот. Ал бир гана милдет - мамлекетибиздин, демек кыргызстандыктардын кызыкчылыгы. Коомчулук менен Мамлекет жетекчилигинин ортосунда маалыматтык «кагылыш» эмес, маалыматтык диалог, болгондо да профессионалдуу диалог болуусу үчүн болгон күчүмдү, аракетимди жумшайм.
Баары менен дос болуп, маалыматтык чөйрөдөгү болуп жаткан айрым алешемдиктерди «алеки саатта жайгарабыз, стереотиптерди талкалайбыз» деп убада бербейм. Бирок, кесиптештерим (пресса) менен конструктивдүү кызматташа алам деп ишенем жана колдоосуна таянам. Баарыбызга ийгилик, достор!», - деп билдирүү калтырган Орунбеков.
Булак: NazarNews.kg