www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Крымдагы полигондо украин чалгындоосунун максаттуу аракеттеринин кесепетинен өрт чыкты. Бул тууралуу РИА Новости "Страна" Telegram-каналына таянуу менен жазды.

Маалыматка ылайык, чалгындын башчысы Буданов Крымдагы ок-дары сакталган кампадан өрт чыгышы Украина куралдуу күчтөрүнүн Башкы чалгындоо башкармалыгынын операциясынын жыйынтыгы деген билдирүү жасаганы айтылат.

Буга чейин Крымдын жетекчиси Сергей Аксенов Киров районундагы аскер полигонунда жалын тутанганын билдирген.

Өрттөн улам "Таврида" трассасы тосулуп, автоунаалар кооптуу делген Феодосия району аркылуу айланып өтүп жатат. Региондун администрациясы тегерек четиндеги төрт айылдын эки миңден ашуун жашоочусун эвакуациялоону пландоодо. Крымдан депутат болуп шайланып келген Мамлекеттик думанын депутаты Михаил Шеремет кылмыш ишин козгоп, Будановго эл аралык издөө жарыялоону демилгеледи.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости