www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети «2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруунун шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, үч окууда колдоду.

Депутат Гуля Кожокулова макулдашуу долбоорун колдой турганын, масштабдуу долбоордун алкагында заманбап университеттик кампус куруларын белгилеп, кыргыз тараптын милдеттенмелери жана долбоорду ишке ашыруунун мөөнөттөрү тууралуу сурады.

Гульнур Мамырова кыргыз тарап кеминде 30 гектар жер тилкесин бөлүп берип, тышкы инженердик инфраструктураны даярдоону камсыздай турганын билдирди.

«Долбоор үч этапта ишке ашырылат. Биринчи этап 2026-2027-жылдарды, экинчи этап 2027-2030-жылдарды камтыйт. Үчүнчү этап 2030-жылы башталып, 2032-жылы аяктайт», - деди ал.

Последние новости